Кыргызстандык трихолог Юлия Голдыш көпчүлүк башын туура жууганды билбей турганын айткан. Адис шампунду чачка эмес, баштын терисине сүртүү керектигин түшүндүргөн. Ал эми бальзам менен кондиционерлерди, тескерисинче, териге эмес, чачтын учуна сүрткөн туура. Кургатканда да сүлгү менен жышыбай суусун сордуруп, чач кургаткыч менен акырын кургатып алса болот. Өтө ысык же муздак да суу жарабайт. Эң жагымдуусу 35-45 градус жылуулуктагы суу.
Hide player controls
Hide resume playing