Myvideo

Guest

Login

Ош шаарында беш лкнн бийчилери ж жрш жасашты

Uploaded By: Myvideo
83 views
0
0 votes
0

Ош шаарында “Бий искусствосу-2023“ эл аралык фестивалы башталды. Иш-чара 19-августка чейин уланат. Бул тууралуу Шаардык маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркулов билдирди. Индия, Өзбекстан, Казакстан, Түркия жана Кыргызстандын бий топтору катыша турган фестиваль шаардагы Бабур атындагы музыкалык драма театрынын алдында старт алды. “Иш-чаранын ачылыш аземинин алдында анын катышуучулары улуттук ыр-бийдин коштоосунда борбордук аянттан Ленин көчөсү менен шаардагы Бабур атындагы музыкалык драма театрына чейин жөө жүрүш жасашты. Фестивалдын алкагында республиканын бардык аймактарынан келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү да ачылды“, — деди Кадыркулов. Маданий саамалыкты Ош шаардык мэриясы менен Ош шаардык маданият башкармалыгы уюштурууда.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later