Бүгүн Чүй облусунун Сосновка айылында аз камсыз болгон 33 үй-бүлө коомдук пайдалуу жумуштарды жасаганы үчүн байытылган ун менен өсүмдүк майын алышты. Жумушсуздук боюнча каттоодо турган жергиликтүү жашоочулар “Таш“ сугат каналын тазалоого көмөк көрсөтүшкөн. Кылган эмгеги үчүн ар бир бүлө 300 килограммдан ун жана 30 литрден өсүмдүк майын алган.
Hide player controls
Hide resume playing