Кээ бирөө тиш пастасын колдонот, малдын кыгын колдонгон учурлар да болот. Кээ бирлер топуракты сууга салып ылай кылып сүйкөп келишет. Албетте, мунун баары туура эмес. Мисалы, ылай сүйкөп жиберсе жабыркаган жер, анын тереңдиги, аянты көрүнбөй калат. Айла жок биз ал жерди жууп, анан жараны көрөбүз. Себеби, дарылоо ошого карата жүрөт да. Мындан тышкары, ылай, малдын кыгын сүйкөсө күйүп калган ачык жерге инфекция кирет да, мындайда сезгенүүлөр көп болушу мүмкүн.
Hide player controls
Hide resume playing