Myvideo

Guest

Login

Баары клг айланган. Тажик аскерлери рттгн Интернационалдагы базардын видеосу

Uploaded By: Myvideo
64 views
0
0 votes
0

Тажик тарап Баткендин Интернационал айылындагы “Достук“ базарын толугу менен өрттөп кеткендигин базардын администрациясы билдирди. Жалпы аянты 1 100 чарчы метр болгон базарга өрт 16-сентябрь күнү эртең менен коюлган. Администрация өкүлү Ташмат Мажитовдун айтымында, ал күнү атышуу болуп жаткандыктан, өрт өчүрүүчүлөр убагында келип, тилсиз жоону токтото алышкан эмес. “Базарда азык-түлүк, кийим-кече, айыл чарба шаймандары, айтор, бардык нерсе күйүп кеткен. Эч нерсе калган эмес. Айланасында 18 дүкөн болгон. Базарда жалпысынан 50дөй сатуучу иштечү. Учурда келтирилген чыгымды комиссиялык топ эсептеп жатат“, — деген Мажитов. 60 жаштагы Кулунду айылынын жашоочусу Идаят Анарбаева дал ушул базарда иштеп, жан бакчу. 16-сентябрда адаттагыдай эле жумушуна келген. Бирок атышуу башталганда, товарын таштап качууга аргасыз болгонун айтты. “Жолдошумдун көзү өткөн. 25 жаштагы уулумду үйлөндүрөйүн деп оокат кылып жатканда минтип каргаша болуп кетти. Азык-түлүк сатчумун, андан эч нерсе калбаптыр. Базар толугу менен өрттөнүп кеткенин интернеттен көрүп, ичим ачышканынан ыйлап жибердим“, — деди ал. 39 жаштагы Кубанычбек Байгесеков да ушул базарда иштеп, беш баласын багып келгенин айтып, 2 миллион сом чыгымга кириптер болгонун кошумчалады. “Базардагы дүкөндө кийим-кече сатчубуз. 16-сентябрда эртең менен балдарды мектепке жөнөтүп жатканда атышкан үндөр угулуп, дароо артка кайтып, Раззаков шаарына качканга жетиштик. Кайра келсек дүкөн да толугу менен өрттөнүп кетиптир, андан башка киреше булагы жок эле“, — деди Байгесеков. Учурда Интернационал айылында бирин-серин гана жергиликтүү жашоочулар болбосо, айылдагы үйлөр бош бойдон турат.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later