Түштүк магистралдан жогору көздөй бийик-бийик, он жана андан көп кабаттуу үйлөр биринин артынан бири салынууда. Аталган аймак азыр кандай көрүнөрүн биздин видеодон көрө аласыз. Буга чейин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Кыргызстанда үйлөр сапаттуу курулуп жаткандыгын, ал эми “Ысык-Ата жаракасынын” кооптуулугу жоктугун айткан эле. Аткаминер Бишкектеги имараттар тогуз баллдык жер титирөөгө чыдаарын да билдирген.
Hide player controls
Hide resume playing