Жогорку Кеңештин депутаттары каникулдан кайтып келди. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы эл өкүлдөрү эки айда кантип кайда эс алышканын сурады. Жооп берген эл өкүлдөрүнүн баары эле Кыргызстандын ичинде, Ысык-Көлдө болгонун айтышты. Чет өлкөгө барып эс алгандар болбоптур. Ошондой эле региондорду кыдырып шайлоочулар менен жолугушканын билдиришти. Регламент боюнча биринчи айы эс алууга, экинчиси шайлоочулар менен жолугушууга каралган.
Hide player controls
Hide resume playing