Оозумдан чыгат үшкүрүк, Көдөнүмдөн жалын куюлат. Жан курбулар, өткөн күнүбүз, Баарысынан кымбат туюлат. Биз мезгилди шылдың кылабыз, Ден соолукту жашыл куракта. Өкүнөрбүз чогуу боло албай, Ар кай жерде, ар кай куракта. Бул дүйнөгө келген нерсени, Кеткис кылып жасап койсочу. Белгисиз бир күндүн колунда, Кылыч тура бизди мойсочу. Мезгил мынча ылдам учат деп, Карыялар ойлуу сүйлөшөт. Билем андай токтоо болууга, Бизди дагы турмуш үйрөтөт.
Hide player controls
Hide resume playing