Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадионго 62 жыл болду. Бул убакыт аралыгында жарытарлык оңдоп-түзөө иштери жүргөн эмес. Бирок быйыл май айында капиталдык ремонт иштери башталган. Стадиондун инфраструктурасы толук жаңыртылып, 11,5 миң орундук алмаштырылды. Бийлик муну менен Азия футбол конфедерациясынын талаптарын аткарды. 31-августта Эгемендүүлүк күнүн белгилөөнүн алкагында мында спорттук иш-чаралар уюштурулат. Реконструкцияга республикалык жана жергиликтүү бюджеттик эсептен 20 миллиондон ашык сом кетти. Видеодон көрүп баа бериңиз. Бул аренада адатта Оштун “Алай” клубу оюндарды өткөрөт.
Hide player controls
Hide resume playing