Бүгүн Баткенде эки автоунаа толугу менен күйүп кеткени айтылып, видеосу тараган. ӨКМдин маалыматына караганда, окуя Ош – Баткен –Раззаков автожолунун 149-чакырымында (Алга тилкесинде) болгон. “Opel Vectra үлгүсүндөгү унаа менен Toyota 4Runner кырсыктап, жерине 1 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Кырсыктын кесепетинен Opel Vectra автосундагы 2 адам каза болуп, бирөө жабыркаган”, - деп айтылат маалыматта. Өрт саат 17:21де толугу менен өчүрүлгөн.
Hide player controls
Hide resume playing