Түп районуна караштуу Корумду айлында катуу сел жүрдү. Жеринен тартылган видео соцтармактарга жайылды. ӨКМдин маалыматына караганда, бүгүн ошол эле районго караштуу Талды-Суу айылын дагы сел каптаган. Министрлик бул боюнча кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалады. Белгилей кетсек, Корумду Талды-Суу айыл өкмөтүнө карайт. 2-август күнү Байзак жана Кең-Суу айылдарында дагы сел жүрүп, Каркыра айыл өкмөтүнүн чечими менен өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Hide player controls
Hide resume playing