Ош шаарынын вице-мэрлери шаардагы түнкү клуб, кинотеатр жана компьютердик клубдарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдын жыйынында түнкү клубдарды, кинотеатрларды, компьютер клуб жана балдар үчүн оюн-зоок борборлорун убактылуу жабуу тууралуу чечим кабыл алынган эле. Шаар мэринин тапшырмасы менен ээлерине жана администраторлоруна эскертүү берилүүдө.
Hide player controls
Hide resume playing