Myvideo

Guest

Login

Тез арада реванш болушун каалайм! Шевченко утулуп калгандан кийин н катты. Видео

Uploaded By: Myvideo
57 views
0
0 votes
0

Валентина Шевченко утулуп калгандан кийин суроолорго жооп берип, тез арада реванш мелдеш болушун кааларын билдирди. “Таймаш учурунда утуп, бийиктиктерге жетесиң. Бирок бир эле ката баарын өзгөртүп коет. Бул — биздин оюндун бир бөлүгү. Алексаны жеңиши менен куттуктайм! Бирок мен андан күчтүүмүн, муну билем. Айланып сукку урам деп жаңылып калдым. Антпесе жеңиш меники эле. Анткен менен бул нерсе биздин дивизионго кан жүгүртөт деп ойлойм. Мен кайтып келип, курумду кайтарып алгыча кыздар активдүү мушташып калат деп ойлойм. Тез арада реванш болушун каалайм”, — деди спортчу. Эске салсак, бүгүн UFC уюмунун жеңил салмактагы дивизион чемпиону Валентина Шевченко титулун сегизинчи ирет коргогону чыгып, мексикалык Алекса Гроссого жеңилип калды. Атаандашы оңой эмес экенин көрсөтүп, чемпион менен төртүнчү раундга чейин таймашты. Акырында муунтуу ыкмасы менен утуп кетти.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later