Мен мисал боло алам, ракты жеңсе болот. Биринчи стадиядан деле “кетип“ калса болот, төртүнчү стадиядан да айыкса болот. Мисалы, дарыгериң сабаттуу болуп, сага дем берип турса чоң таасир берет. Химия — бул дүйнөнүн тозогу. Рак менен ооруган кишилер бул дүйнөнүн тозогунан өтүшөт деп ойлойм. Сөөктөрүң, булчуң эттериң ооруйт, кусасың, башың чыңалып жарылгыдай болот. Уу дарыны кабыл алып атсаң денең эмне болот? Ууланат да. Менин жанымда жакшы киши болуп калды, ошол киши мага жакшы таасир берген. Сен ушул дарыны куюп атканда сага жакшы бир нур кирип, айыкканыңа жардам берип, жаман нерсенин баарын алып чыкканын элестет деди да. Бул психологиялык жактан да жакшы жардам берет экен. Жакшы нурду элестетсең сайылып аткан дарыны да көп сезбейт экенсиң.
Hide player controls
Hide resume playing