ОСАГО камсыздандыруу полиси деген эмне? Аны төлөбөсө эмне болот? Баасы кандай? Унаа ээсине кандай пайдасы бар? Ушул жана башка суроолорго Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматынын камсыздандыруу ишин жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы адиси Азат Сапарбек уулу жооп берди. Адистин айтымында, унаа ээлери ушул жылдын апрель айына чейин автоунааларын милдеттүү түрдө камсыздандырышы керек. Эгерде айдоочу бул талапты аткарбаса, апрель айынан баштап ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан айып салынат. Кененирээк видеодон көрүңүз.
Hide player controls
Hide resume playing