Myvideo

Guest

Login

Достукка чекит коюлуп... Варшава келишими боюнча уюм ишин кандайча токтоткон

Uploaded By: Myvideo
2 views
0
0 votes
0

Мындан туура 33 жыл мурун Варшава келишими боюнча уюм ишин расмий токтоткон. Тарых барактарына Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы көз чаптырды. 1955-жылы Польшанын ордо калаасында СССР менен Европанын жети мамлекети: Албания, Болгария, Венгрия, Германия Демократиялык Республикасы, Польша, Румыния жана Чехословакия достук тууралуу макулдашып, ал Варшава келишими деген аталыш алган. Бул документтин негизинде аскердик бирикме — Варшава келишими боюнча уюм түптөлөт. Бирикме 1954-жылы Батыш европалык союздун аскерий бөлүгүнүн түзүлүшүнө жана Германия Федеративдик Республикасынын НАТОго кабыл алынышына жооп иретинде негизделген. Варшава келишиминин негизги максаты мүчө мамелкеттердин коопсуздугун сактоо жана Европада тынчтыкты камсыздоо эле. Кол койгондор достук мамиледе болуп, өз ара колдоо көрсөтүүгө макулдашышкан. Бул келишимдин алкагында бириккен куралдуу күчтөр түзүлгөн. СССРде кайра куруунун башталышы жана Чыгыш Европа мамлекеттеринин либерализацияланышы менен уюм да өзгөрүүлөргө дуушар болот. Германия бириккен соң уюм да четинен ыдырап, биринчи болуп бирикмеден Албания чыккан. 1991-жылы анын артынан Чехословакия, Венгрия, Польша кетет. Уюмдан чыккан мамлекеттер башкалардын макулдугусуз архивиндеги материалдарды ачыктабоо милдетин алышкан. Анткен менен 2005-жылы Польша бардык документтерди НАТОнун колдонуусуна жол ачып берген. Ушу тапта СССРге тилектеш болгон Чыгыш Европанын мамлекеттеринин дээрлик баары Россияга каршы чыгып, качандыр бир кезде СССРден алган аскердик техникасын Украинага жөнөтүүдө.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later