Myvideo

Guest

Login

Бул кн Кыргызстандын тарыхына кирген

Uploaded By: Myvideo
182 views
0
0 votes
0

2001-жылдын 15-июнунда республиканын президенти Аскар Акаев Шанхайда Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна кириши тууралуу тарыхый документке кол койгон. Бирикмеге Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан дагы кошулган.  Бир нече жылдан кийин ШКУга Индия, Пакистан жана Иран кирген. Эми Беларусь да мүчө болду. Учурда дүйнө калкынын 44 пайызы ШКУ мейкиндигинде жашайт. Дүйнөдөгү ИДПнын үчтөн бир бөлүгү уюмга мүчө өлкөлөргө туура келет. ШКУ төрт өзөктүк державаны бириктирип, дүйнөдө стабилдүүлүктү сактоонун маанилүү фактору болуп саналат. Уюмдун негизги багыттарынын бири — дүйнөдөгү коопсуздукту бекемдөө. ШКУ ишмердүүлүгүнүн аркасында ондогон терактылар менен жүздөгөн кылмыштарды алдын алуу мүмкүн болду, террордук уюмдардын миңдеген мүчөлөрү жок кылынып, камалды. ШКУ баңги аткезчилигине да каршы күрөшүп жатат: ондогон тонна героин жана башка көп сандагы тыюу салынган заттар алынган.  ШКУ өлкөлөрү биргеликте экономикалык, билим берүү жана маданий байланыштарды өнүктүрүүдө.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later