Myvideo

Guest

Login

Убайсыз арзуум кблд. Атактуулар Пушкиндин ырын окушту

Uploaded By: Myvideo
22 views
0
0 votes
0

Бүгүн, 6-июнда, орустун улуу акыны Александр Пушкиндин туулгандыгына 225 жыл толду. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан видеролик даярдады. Анда классиктин калемине таандык К***. (“Я помню чудное мгновенье…“) аталышындагы ыры окурмандарга сунушталат. Чыгарманы Кыргыз Республикасынын эл акыны Шайлообек Дүйшеев которгон. Ырды мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, ЖК депутаттары Марлен Маматалиев, Аида Исатбек кызы, космонавт, Кыргызстанда туулган Сергей Корсаков, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев, Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Асылбек Өзүбеков, Кыргыз Республикасынын эл артисти Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Галина Кетова жана Бишкектеги Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Мирлан Таалайбеков көркөм окуду. Дүйшеев ырдын котормосуна “Александр Пушкин Анна Петровна Керн менен 1819-жылы Петербургдагы баллда таанышкан. Андан кийин алар узакка байланышта болушкан. Ыр ошол асылкечине арналган“, – деген таржымалды кошумчалаган. Александр Пушкин 1799-жылдын 6-июнунда төрөлгөн. 1937-жылы 10-февралда 37 жашында дуэлден көз жумган.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later