Өзгөн райондук милициясы блогер Бауржан Кадырбековду 8-май күнү кармаган. Милициядан «Клоопко» билдиришкендей, ал жергиликтүү ишкерлерден опузалап акча талап кылууга шектелүүдө. Кадырбеков өзүнүн «Чындык Маалымат KG» ютуб каналына Өзгөндөгү дүкөндөрдө сатылып жаткан сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү тасмага тартып киргизип турган:
Hide player controls
Hide resume playing