Myvideo

Guest

Login

ЖУМА ЖЫЙЫНТЫК 18 08 2024

Uploaded By: Myvideo
1 view
0
0 votes
0

АВТОУНААЛАР МИЛДЕТТҮҮ КАМСЫЗДАНДЫРЫЛАТ Учурда Кыргызстанда 1 мамлекеттик, 9 жеке компанияга айдоочуларга камсыздандыруу полисин берүүгө лицензия берилген. Статистикалык маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 1млн 400 миң автоунаа бар. Орто эсеп менен, булардын ар биринен полис үчүн 2 000 сомдон топтолгондо эле 2 млрд 800 млн сом болот. Бул сумма компаниялардын жылдык кирешеси болуп саналат. Ал эми, бул компаниялардын жылдык чыгашасы 300 млн сомго да жетпейт. Демек, расмий өкмөт өз чөнтөктөштөрү миллиарддаган пайда табуусу үчүн калктын жонунан кайыш тилүүгө аракет кылып жатат. КЫРГЫЗСТАНДА СВЕТ ДАГЫ КЫМБАТТАЙТ Энергетика министрлиги 89 миң 767 абонент үчүн электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Маалыматка ылайык, 2024-жылга карата энергетикалык компаниялардын кирешеси 32,5 миллиард сом, ал эми чыгашасы 40,6 миллиард сомду түзөт. Тартыштык 8,1 миллиард сом болору күтүлүүдө. БАНГЛАДЕШТЕГИ ТӨҢКӨРҮШТҮН АКЫЙКАТЫ Бангладеште бир нече күндөн бери уланып жаткан толкундоолордон кийин өкмөт башчы Хасина кызматын таштап, өлкөдөн качып кетти. Маалымат каражаттары анын Индияга аскердик учак менен кеткенин жазышты. 5-августта Бангладеш армиясынын башкы командачысы Вакер Уз-Заман Хасинанын кызматтан кеткенин расмий жарыялады. Ал эми, убактылуу өкмөттү Мухаммад Юнус башкара турган болду. 3-июлда Бангладеште өкмөткө каршы акциялар башталган. Митингчилер менен полициянын кагылышынан 400гө жакын адамдын өмүрү кыйылды. Жүздөгөн кишилер жараат алып, он миңден ашык демонстранттар камалды. Буга өлкөнүн Пакистандан бөлүү согушуна катышкан ардагерлердин жакындарына мамлекеттик кызматтардын 30%ы бөлүнүшү түрткү болгон. Youtube kanal Azat kanal Turkiston biz Интернет сайт: Биздин телеграм каналабыз Биздин кыргыз тилиндеги Фейсбук каналабыз Бизнинг Фэйсбук ўзбек тилида каналимиз Наш Фэйсбук канал на русском языке

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later