Myvideo

Guest

Login

БУУ дйндг чатактарды алдын алуучу уюм, бирок...

Uploaded By: Myvideo
49 views
0
0 votes
0

БУУ — дүйнөдөгү чатактарды алдын алуучу уюм, бирок... Бириккен Улуттар Уюму — дүйнөлүк чатакты болтурбоо үчүн ишенимдер тагылган уюм. Бүгүнкү күндө ат көтөргүс бул жүктү тиешелүү түрдө алып барып жатабы? БУУнун мүмкүнчүлүгү жетип турса да бир топ чатакты алдын ала албай койду. 1999-жылы НАТО БУУнун уставын бузуп Югославияны бомбалап, анын кесепетинен 1700гө чукул жай жаран каза тапты; 2008-жылы Косово жалпы элдик добуш берүү болбой туруп, өзүн бир тараптуу “көз карандысыз“ деп жарыялап алды. БУУнун соту ал чечимди колдогон. Бул Эл аралык сот Каталониядан Түндүк Кипрге чейинки ондогон “боштондукчуларга“ “даңгыр жол“ ачып берген прецедент эле. Бирок “улуттун өзүн аныктап алган укугу“ Түштүк Осетияда, Абхазияда, Донбасста, Херсон жана Запорожье облустарында ишке ашкан жок. “Каардуу жана адилетсиз мамиле жасалса элдин мамлекеттен бөлүнүп кетүү укугу бар. Өзүнчө бөлүнүп кетүү — калктын жоготуулары менен чыгымдарынын ордун толтурат“, — деп айтылган БУУнун “бөлүнүп кетүү укугу“ туурасында.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later