Myvideo

Guest

Login

йлнп-жайлангым келет... мр бою абакка кесилген адамдын маеги

Uploaded By: Myvideo
75 views
0
0 votes
0

Өмүр бою кесилген киши ата-энесине керек маалда алардын кызматын кылбай абакта отурганына катуу өкүнөрүн айтты. Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы № 19 абакта өмүр бою эркинен ажыратылган адамдар жазасын өтөп келишет. Sputnik маалымат агенттигинин журналисттери аталган түрмөгө барып, соттолгондор менен маек куруп келишти. Интервью берүүгө макул болуп, бирок аты-жөнүн айткысы келбеген жаран учурда 35 жашта. Ал 2007-жылы 19 жашында “Адам өлтүрүү“ беренеси менен камалган. Соттолгон кишинин айтымында, анын жашоосу ата-энеси ажырашып, чоң атасы каза болгондон кийин башаламан боло баштаган. “Телевизордон ар кандай үй-бүлөлөрдү көрөсүң... Аларды көрүп эмнеге биз ушундай жашоо курбадык деп өкүнөсүң. Гүлжигит Сатыбековдун ырларынын мааниси жакшы. Сыймык Бейшекеевдики да жагат“, — деди ал. Ошондой эле ал жашоосунда орду толгус күйүтү бар экенин, ал ата-энесинин ыраазычылыгын алып, үй-бүлө курбай абакта отурганы экенин белгиледи.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later