1943-жылы 28-ноябрда антигитлердик коалициянын союздаштарынын Тегеран конференциясы башталган. Бул иш-чаранын Улуу Ата Мекендик согуштун жүрүшүнө тийгизген таасири зор болгон. “Ири үчтүк“ идеясын Черчилль менен Рузвельт сунуштаса, кайсы жерде өткөрүүнү Сталин аныктаган. Канчалык көздөн далдаа, башкаларга байкатпай жасайбыз дегени менен бул жолугушуу боюнча немецтик чалгын маалымат алган. Алар америкалык аскер-деңиз кодун чечмелеп, конференцияны качан өтөрүн билип алышкан.
Hide player controls
Hide resume playing