Myvideo

Guest

Login

Карылыктын точкасына жетип калдым. 95 жаштагы Мамбет Мамакеевдин видеосу

Uploaded By: Myvideo
168 views
0
0 votes
0

Кыргызстандагы хирургдардын бир далайынын атасы, эң жогорку мамлекеттик сыйлыктардын ээси, дарыгерлик ишин азыркыга чейин улантып келе жаткан Мамбет Мамакеев 95 жашта. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги залкар хирург менен баарлашып, ал-жайын сурады. Мамбет Мамакеев хирург болуп 70 жылдан бери иштеп, 30 миңден ашуун операция жасаган. Кыргызстанда хирургия борборун түзүп, дарыгерлердин жоон тобун даярдап, ондогон илимий эмгекти жараткан. Хирург азыркыга чейин операция жасайт. 2021-жылы дүйнөдө карьерасын улантып жаткан эң улгайган хирург катары Гиннестин рекорддор китебине кирген. Дарыгерге КРдин Баатыры наамы, II жана III даражадагы Манас ордени ыйгарылган. Кезинде саясатка да аралашып СССРдин жана Жогорку Кеңештин бир нече жолку депутаты болгон. Өмүрлүк жары Сонумкан Чекирбаева менен эки уулду тарбиялаган. Балдары атасынын жолун жолдоп келет. Учурда экинчи уулу Канат Мамакеев Улуттук хирургия борборунун жетекчиси. Ал эми өзү ардактуу президент.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later