Myvideo

Guest

Login

Эгемендик кн кут болсун!

Uploaded By: Myvideo
9 views
0
0 votes
0

Урматтуу мекендештер, достор! «Мекеним Кыргызстан» партиясы баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнү менен куттуктайт! Эгемендик – биздин башкы байлыгыбыз, ал мамлекеттүүлүктүн жана өнүгүүнүн өзөгү. Өлкөбүздүн көз карандысыздыгын чыңдоо ар бир кыргызстандыктан көз каранды жана ал ар бирибизден башталат. Ал бөтөн пикирлер таңуулануусунан, улуттук кызыкчылыктарыбызга карама-каршы келген, бизге жат баалуулуктардан көз карандысыздык. Эгемендигибиз дагы да бекемделиши үчүн социалдык чөйрөдөн тарта экономикага чейинки бардык тармактарда улуттук кызыкчылыктар башкы приоритетке айланышы керек. “Мекеним Кыргызстан” партиясы мамлекетибизге гүлдөгөн өсүп-өнүгүү жана жаркын келечек, ар бир жаранга чың ден соолук, бардар турмуш, мекенге болгон чексиз сүйүү жана өз өлкөсү менен дайыма сыймыктанып жүрүүнү каалайт. Биз биргеликте эгемендигибизди чыңдап, өркүндөп-өсүү жолуна өлкөбүздү чогуу алып өтөбүз. Эгемен күнүң кут болсун, касиеттүү Мекенибиз – Кыргызстан!

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later