Myvideo

Guest

Login

мрн тобокелге салып элге тамак ташыган почточу аял. Донецкиден тартылган видео

Uploaded By: Myvideo
59 views
0
0 votes
0

Валентина Точенаянын почта кызматкери болуп иштегенине 15 жылдан ашты. Мурда ал элге кат, пенсия гана таратса, эми Донецк элине тамак да ташыйт. Анткени көпчүлүк көчөгө чыккандан кооптонот. Sputnik Кыргызстан агенттигинин тартуу тобу Донецк Эл Республикасынын тургундарынын күнүмдүк жана чыныгы жашоосун чагылдырды. Валентина Точеная видеого тартылардын алдында аз жерден калган. Украинанын аскерлери почта кызматкери жүргөн жерге ок чыгарган. Точеная “бул күндө кайталанчу көрүнүш“ дейт. Цитата “Сегиз жылдан бери ушинтип, коркуп жашап келе жатабыз. Андан бери көп адам башка жакка көчүп кетти. Калгандары кайсы убакта жардыруу болорун, ал учурда эмне кылышты жакшы билип калышкан. Ошол себептен биз үйлөрдүн подъезддерин жаппагыла деп суранабыз. Жардыруу болгон учурда кайсы үй болбосун коргонуу үчүн кире калабыз“, — деди ал. Мындай коркунучка карабай Валентина өмүрүн тобокелге салып, жай тургундарга керектүүлөрүн жеткирет.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later