Москва облусунда өткөн “Армия-2022“ форумунда гранатомёту бар робот иттен тарта аралыктан башкарылуучу суу алдынагы кемеге чейинки аскерий жааттагы жаңычыл техникаларды адистер коомчулукка тартуулашты. Экспонаттар ыкчамдыгы жогору мотосерф, “Сайга ППК-20“ жана “Сайга АКСУ“ карабиндери (“Калашников“), сооттолгон “Ахмат“ автоунаасы көргөзмөдөгүлөр үчүн таңгалдырган техникалардан болду. М-81 робот иттин гранатомёт менен чуркап жүргөнү бир топ эсте кала турчу таасирин калтырды. Россиялык орбиталык станциянын макети, айдоочусу жок башкарылган жүк ташуучу техника, суу алдында жүрүүчү, аралыктан башкарылган “Клавесин“ кайыгы жайгашкан жерде кызыккандардын көп топтолгону байкалды.
Hide player controls
Hide resume playing