Myvideo

Guest

Login

Ата-энесин таштап кеткендерди мамкызматка албай, алиментти кбйт сунушталды

Uploaded By: Myvideo
32 views
0
0 votes
0

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ата-энесин карылар үйүнө таштап кеткендердин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштешине тыюу салуу мыйзам долбоорун сунуштады. Аталган документ бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде каралып, биринчи окуудан өттү. Ошону менен бирге эле улгайган ата-энесин бакпаганы үчүн алимент төлөөдөн качкандарга салынчу айып пулдун көлөмүн көбөйтүүнү демилгелеген. Учурда айыптын суммасы 20-50 миң сом болсо, депутат 50 миңден 100 миң сомго чейин жогорулатууга белсенүүдө. “Мыйзам долбоорунун максаты — ата-энесин багуудан качкан бойго жеткен балдардын жазасын күчөтүү жана алардын мамлекеттик кызматта болуусун чектөө. Учурда эмгекке жарамсыз улгайган жарандарды таштап кеткен балдарын жазага тартуу үчүн соттун чечими керек. Бирок ата-энелер өзүнүн баласына эч качан арыз жазбайт экен. Эгер бул мыйзам кабыл алынып калса ата-апаларын алып келери менен эле карылар үйүнүн жетекчиси дароо арыз жазып, сот алимент өндүрүүнү карайт“, — деди Икрамов. Эл өкүлү ата-энесин балдары таштап кеткен учурлар көбөйүп, кадыресе көрүнүшкө айланып баратканына тынчсыздануусун билдирди. “Карылык сөзсүз ар адамдын башына келет. Баарыбыз эле балдарынын, неберелеринин, чөбөрөлөрүнүн курчоосунда карылыгын өткөрүүнү кыялдансак керек. Ата-энелер бүт өмүрүн балдарга арнап, тарбиялап өстүргөн соң карылар үйүнө калтырып жатканы өкүндүрбөй койбойт. Статистика көрсөткөндөй, жыл сайын карылар үчүн социалдык мекемелерде ар кандай себептер менен келген улгайган адамдардын саны өсүүдө. Балдары ата-энесин карылар үйүнө таштап кеткени абдан өкүндүрөт“, — деди депутат. Ошондой эле Икрамов өлкө боюнча алты карылар үйү бар экенин, ал эми борбор калаада 211 улгайган адам жашай турганын айтты.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later