31 жыл мурда, тагыраагы, 1991-жылы 20-январда, Крым эли Украинанын курамынан чыгуу каалоосун билдирген. Жалпы элдик добуш берүүдө жарым аралдын жашоочуларынын 93 пайызы Крым автономдуу совет республикасы — СССРдин курамындагы өзүнчө республика болушу үчүн добушун берген. Бирок Украина крымдыктардын эркине каршы туруп, аны орундаткан эмес. Анткен менен 12-февралда Киев Крым АССРинин СССРдин эмес, Украинанын курамында болушуна макулдук берген.
Hide player controls
Hide resume playing