Myvideo

Guest

Login

Талак бер, алимент тл, аял-эркек мамилеси. Дин аалымы менен видеомаек

Uploaded By: Myvideo
10 views
0
0 votes
0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва жана диний адабияттар бөлүмүнө жыл сайын миңдеген киши үй-бүлө маселелери менен кайрылат. Sputnik агенттигинин кабарчысы аталган бөлүмдүн башчысы Султанали ажы Гапуров менен маек курду. Муфтияттын фатва жана диний адабияттар бөлүмүнө өз маселеси менен келгендердин көпчүлүгү нике, аял-эркек мамилеси, талак, алимент боюнча талаш-тартыш көйгөйлөрүн айтышат. Султанали ажы Гапуровдун айтымында, дин кызматкерлери жубайларды колдон келишинче элдештиргенге, ажыраштырбоого аракет кылат. “Бизге ажырашуу, аял менен эркектин таарынышып жүрүүсү, талак өңдүү түркүн маселелер менен күн сайын келишет. Биз аларды ажыраштырып эки жолго салбаганга колдон келген аракетибизди кылабыз. Ажырашууну шарият жактабайт. Жадагалса “куштун үйү бузулбасын“ дейт го кыргызда. Эч кимдин үй-бүлөсү бузулбасын. Мүмкүн болушунча жубайлар ынтымактуу жашоого акыркы чекитке чейинки шартты түзөт шарият. Ошондой эле үй-бүлөнү ажыраштырбоого кызыкдар болот. Динде өтө жүйөлүү себептер болуп калган учурда гана, эркек-аялдын ортосундагы кээ бир милдеттер аткарылбай калган, ошону аткарууга мүмкүн болбой калган учурда гана ажырашып, башка турмуш куруу мүмкүнчүлүгү болот“, — деди Гапуров. Диний адистерге ошондой эле турмуш куруу, келин менен кайын журтунун мамилеси, алимент төлөө, балдарды тарбиялоо маселелери менен келишет. Андан сырткары, күнүмдүк майда-барат иштер менен кайрылгандар жок эмес.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later