Бүгүн Бишкекте бир канча маанилүү билдирүүлөр жасалды. Кыргызстан быйыл ЕАЭБ органдарына төрагалык кылгандыктан Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны жыл аяктап бара жаткан маалда Бишкекте өттү. Төрагалык келерки, 2023-жылы Россияга өтөт. Саммитке Россия, Казакстан, Беларусь президенттери жана Армения менен Өзбекстандын премьер-министрлери келишти. Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөн ЕАЭБ саммитинин жыйынтыгында 15 документке кол коюлду.
Hide player controls
Hide resume playing