Мамлекеттик желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун 19-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент комитети карады. Талкуунун жыйынтыгы менен комитет мыйзам долбоорун II жана III окууда колдоого алды. 29-ноябрда Жогорку Кеңеш желекти өзгөртүү сунушун биринчи окууда колдогон. Желекти өзгөртүү сунушун 66 депутат колдосо, 8 депутат каршы чыккан. Мыйзам долбоорунун демилгечилери — парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана Улан Примов. Алар желектеги толкун сымал күн нурун түз кылууну сунуштап жатышат. Ошондой эле түндүктүн чамгарагынын саны өзгөртүлүүдө. Тактап айтканда учурдагы желекте 3 чамгарак болсо (жалпы 6), жаңы желекте 4 чамгарак (жалпы 8) тартылган. [ Официальный канал ИА АКИpress ] Смотрите и читайте нас: Наш сайт: www.
Hide player controls
Hide resume playing