Myvideo

Guest

Login

Садыр Жапаров Самаркандек айылында жаы курулган оорукананын имаратын ачты

Uploaded By: Myvideo
1 view
0
0 votes
0

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 11-декабрда Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Баткен районунун Самаркандек айылында жаңы курулган оорукананын имаратынын ачылышына катышты. Социалдык маселелерди чечүү үчүн президенттин тапшырмасы менен жаңы оорукана куруу милдети коюлган. Ал үчүн президенттин Фондунан 97,5 млн сом каралган. Аталган медициналык мекеме 75 орунга ылайыкташтырылган. Учурда оорукананын курулушу толугу менен бүткөрүлүп, эмеректер менен жабдылган. Мамлекет башчысы аталган медициналык мекеменин ишке берилишин канааттануу менен белгилеп, жергиликтүү калк эми сапаттуу медициналык кызмат алуу үчүн ооруканага кайрыла аларын баса белгиледи. Садыр Жапаров акыркы мезгилде Баткен облусундагы медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасы чыңдалып жатканын айта кетти. Мамлекет саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүүнw

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later