Москвада орус тилинен сабак берген мугалимдер үчүн “Дүйнө тили“ деп аталган евразиялык мектеп ишин баштады. Билим берүү аянтчасы 120 педагогдун башын бириктирген. Иш-чараны “Евразия“ автономдуу коммерциялык эмес уюму уюштурду. Долбоорго Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын мугалимдери катышууда. Окутуучулар билим берүү долбоорлорун да иштеп чыгып, ал аталган мамлекеттерде орус тилин илгерилетүү үчүн методикалык негиз болуп бермекчи.
Hide player controls
Hide resume playing