Myvideo

Guest

Login

Россиялык блогер Кыргызстанды эл аралык туристтик кргзмд жарнамалады

Uploaded By: Myvideo
24 views
0
0 votes
0

Эл аралык MITT-2023 туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстандын атынан россиялык блогер Лариса Булина чыгып, өлкөнү тааныштырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Булина Кыргызстанда эки жылдан бери саякаттап жүргөнүн, мындан улам аны аталган иш-чарада өлкөнүн туристтик дараметин көрсөтүп берүүгө чакырышканын белгиледи. “Кыргызстан эмнеси менен туризм үчүн мыкты экенин айтып берүүгө эң кымбат делген 20 минута берилди. Чынында аябай толкундандым. Мен эки жыл бою изилдеген Кыргызстанды кантип 20 мүнөткө сыйдырарымды ойлондум. Бул мүмкүн эмес, анан бир теманы алып, ошонун тегерегинде айтып берүү керектигин түшүндүм. Көрсөтүүмдүн баарын адамдарга арнадым. Адам — эң башкы баалуулук эмеспи. Эч бир тоолор, көлдөр, капчыгайлар жана каньондор адамдын меймандостугуна, кең пейилдигине жана ак көңүлдүүлүгүнө тең келе албайт. Ал өзүнчө бир дүйнө. Баса, мен сүйлөп жатканда залдагылардын бири жашып кетти“, — деди блогер. MITT-2023 29-эл аралык туристтик көргөзмөсү 16-18-март күндөрү Москванын “Крокус Экспо“ көргөзмө борборунда өткөн. Бул жылы ага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн жана Россиянын 57 регионунан өкүлдөр катышкан. Анда 170 спикер өз аймагынын туризм индустриясы тууралуу жарнамалап, конокторду чакырган. Лариса Булина соңку эки жылдан бери Кыргызстанга келип-кетип, өлкөнүн ажайып жайлары, кыргыз элинин маданияты тууралуу роликтерди YouTube-каналына жарыялап турат. Былтыр Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги россиялык блогерге ыраазычылык кат тапшырган.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later