Myvideo

Guest

Login

Кйп калган балага атасынын терисин чаптадык

Uploaded By: Myvideo
164 views
0
0 votes
0

Мындан 20 жыл мурда бир окуя болгон. Панфилов аймактык ооруканасынан бизге 1,5 жаштагы баланы алып келишти. Анын терисинин 40 пайызы күйүп калыптыр. Бала арык экен, өтө эле арык да, ала турган деле тери калбаптыр. Атасынын канын текшерсек баласы экөөнүн каны бир группада экен. Китепте жакындарынын териси адамга жабышып кетпейт деп айтылат да. Атасынын ден соолугу жакшы, узун бойлуу киши экен. Анан баланын канча жеринде териси жарабай калса атасынын ошончо жеринен тери алдык. Анан анын баарын баланын денесине жабыштырып чыктык. Андан кийин ал бир-эки жуманын ичинде айыгып үйүнө чыгып кеткен. Үйүнө чыгып кетишкенден кийин такыр эле келбей коюшту, ошого мен өзүм кантип калды деп кызыгып Панфилов районуна барып, алардын дарегин издеп таптым. Барсам бала эшиктин алдында ойноп жүрүптүр, кыш мезгили эле, анан тери жармаштырган жерлерин карасам биротоло өзүнүкүндөй болуп бүтүп калыптыр.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later