Көпчүлүк сүйүп көргөн “Агай“ сериалындагы Гапыр Мадаминовдун жардамчысы, билим деп жан үрөгөн Айгүлдүн образын ачып берген Мыскал Майрамбек кызы Sputnik маалымат агенттигине маек курду. Мыскал 27 жашта. Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенет. Актриса көзү тирүү каарманды аткаруу оор болгонун, кийин өзүнүн прототиби — чыныгы Айгүл эжеге жолугайын деген ою ишке ашпай калганын айтып берди. Мындан сырткары, кино тармагында тарткан сыноолору, анын ичинде кастингдерде басынтууга кабылганын билдирди. Ошондой эле “Агай“ сериалында баш каарманды ойногон Бактияр Шаршенбаев менен мамилеси кандай экенин ачыктады.
Hide player controls
Hide resume playing