“Улуу көчмөн мурасы“ улуттук холдинг компаниясынын жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк Centerra Gold Inc. компаниясы менен жетишилген макулдашуу тууралуу айтып берди. Бул анын “Кумтөр голд компани“ жабык акционердик коомунун Кыргызстанга өтүшүнөн кийинки алгачкы билдирүүсү. Бөлтүрүктүн айтымында, макулдашууга президент Садыр Жапаровдун саясий эркинин аркасы менен гана кол коюлган.
Hide player controls
Hide resume playing