Myvideo

Guest

Login

"ЖАКШЫНАМ" КАЗАК ТИЛИНДЕ ЖАКСЫМАЙ - АХАН ОТЫНШИЕВ. Глзат Кудайбердиева.

Uploaded By: Myvideo
1 view
0
0 votes
0

ЖАКШЫНАМ КАЗАК ТИЛИНДЕ “ЖАКСЫМАЙ“ ЖАКШЫНАМ 1. Жактырбай сизден башканы, Мен болдум сизге ашыккан. Капарга илбей жашыңыз, Тартылам, эже, тартылам. Издеген көптөн сапаттар, Байкатпай сизден табылды. Тымызын тиктеп жүрөккө, Салдыңыз эже, жалынды. 2. Мас болуп турам сүйүүгө, Жообу жок өзүң тараптан. Сүйүп бир жашайм үмүттө, Жаксам да, мейли жакпасам. Кол сунсам сизге түбөлүк, Эмне дээр элең, жакшынам? Сөз менен айтып бүтө алгыс, Жактырам сизди, жактырам! 3. Күнөө жок менин сүйүүмдө, Ашыктык отун жандырган. Жараткан менден сизди эрте, Күнөөнү коём тагдырга. Тагдырга айла жок экен, Жазылган ушул бешене. Арнадым сүйүүм ыр менен, Жакшынам менин эжеме. © Г&

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later