Дүйнө чемпиону аталган Жоламан Шаршенбеков жеңишинен кийин журналисттерге маек куруп, атаандашын утарына ишенгенин айтып, эң оболу жеке машыктыруучусу Хаким Махмудовго ыраазычылык билдирген. Балбандын маегин КТРК Спорт каналы жарыялады. “Мени кичинекей кезимен баштап чоңойтуп, өстүрүп, ушул даражага жеткирген агайыма ыраазычылыгымды билдирем. Андан кийин ата-энеме рахматымды айткым келет. Мени менен эмгектенип жүргөн жигиттер, Улук Карачолоков, Азат Эркинбаев жана Арсен Эралиев деген агайларым бар болгону үчүн Кудайга чексиз шүгүрчүлүк келтиргим келет. Баарыңыздарга чоң рахмат! Кыргыз элим, колдооңор үчүн рахмат. Силерди сүйөм!“ — деген Шаршенбеков. Кыргызстандык спортчу алтынга жетүү оңой болбогонун айтып, Акжол Махмудовдун жеңиши ага дем-күч бергенин белгилеген. Андан соң Шаршенбековдун досу, дүйнө чемпиону Акжол Махмудов маек берип, Жоламан Шаршенбеков анын артынан эле дүйнө чемпиону болоруна ишенгенин айткан. “Жоламан дүйнө чемпиону болорунан шек санаган эмесмин. Мындан кийин дагы бир топ алтындарды утабыз деп ойлойм. Эркин күрөштө дагы мыкты балбандар бар. Бардыгыбыз дүйнө багынтабыз“, — деген Махмудов. Белгилей кетсек, кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков финалда атаандашы болгариялык спортчу Эдмонд Армен Назарянды 11:2 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону аталды. Ага чейин Акжол Махмудов да финалдан жеңип, дүйнө чемпиону болгон. Видео: КТРК Спорт
Hide player controls
Hide resume playing