6-июнь күнү Украинада өлкөдөгү эң кооптуу кесиптердин бири болгон журналисттердин күнү белгиленет. Көз карандысыздык жылдары республикада ЖМКлардын 70тен ашык өкүлү көз жумган. Кеп өтө чуулгандуу болгон (Георгий Гонгадзе, Павел Шеремет, Олесь Бузина) жана жергиликтүү журналисттерге байланыштуу окуялар туурасында жүрүп жатат. Көп журналисттер (алардын ичинде россиялыктар да бар) Донбасстагы согуштун оту жанган жерлерде өмүр менен коштошту. Булардын катарына “Россия сегодня“ эл аралык маалымат агенттигинин фотографы Андрей Стенин бар. Видеодо Украинада, Донбасста жана атайын операциянын аймагында иштеп жүрүп курман болгон журналисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү туурасында баяндалат.
Hide player controls
Hide resume playing