Myvideo

Guest

Login

згн: базарда фурасы рттнп кеткен кишиге ошол жердегилер акча чогултту. Видео

Uploaded By: Myvideo
83 views
0
0 votes
0

Өзгөндөгү мал базарда жүргөндөр ошол жерде фурасы күйүп кеткен орто жаштан ооп калган кишиге акча чогултуп жаткан видео тарады. Көңүл жылыткан ишти видеого тартып алган автор автоунаасы күйүп кеткен адамга жардам кылуу максатында бейтааныш эле кишилер тыйын чогултуп жатканын айтып берип жатат. “Түшкү тамакты ичпей эле койгула, андан көрө жардам кылалы“, — деген чакырыкты угууга болот. Канча акча чогулганы белгисиз, бирок ал жердегилер жагымсыз окуяга кайдыгер карап басып кетишкен эмес. Кадрдан бир кишинин апкаарып турганын, бир катар адамдар ага келип колун кысып, кээ бирөөлөр акча карматып жатканын да байкоого болот. Ош облустук милициясынын бул окуя бүгүн болгондугун айтышып, кырсыктын себеби аныкталып жатканын кошумчалашты. Адамдардын башка бирөөнүн кайгысына кайдыгер карабай жүз миңден ашуун акча чогулткан окуясы жакында эле Чүй облусундагы Токмок шаарында болгон. Анда базардагы уурулар баласынын ашына жылкы алганы келген аксакалдын акчасын шыпырып кетишкен. Бул жагымсыз окуядан кийин ошол жердегилер жабыла акча чогулта башташкан. Көп өтпөй милиция нысапсыз урууну кармаганы да кабарланган. Уурудан акча кайтарылгандан кийин аксакал акчаны кайрымдуулукка жумшаганы маалым болгон.

Share with your friends

Link:

Embed:

Video Size:

Custom size:

x

Add to Playlist:

Favorites
My Playlist
Watch Later