Мой новый клип на песню Эне Журогу,кто еще не видел,проходим по ссылке и оставляем свои комментарии😎❤🙏 За репост отдельное огромное спасибищее!😁🔥 Всем привет!Закинул видео и на мой канал.Приятного просмотра! Подписывайтесь на канал,буду рад делиться с вами своим творчеством!😎❤ Туталансам көз ирмебей түн ичи, Мандайымда өчпөс шамдай күйүүчү. Жасалмалуу сезимдер көп, а бирок, Жасалмасыз жалгыз эне сүйүүсү! КАЙЫРМА: Билбейм неге? Көксөгөнүм, жаным ыр, Балким ырлар менин тапкан багымдыр. Элесимди көз алдыңан кетирбей, А сен азыр ойлоп турган чагыңдыр. Уяламын, эх апаке, миң жолу, Урушпаган адатыӊ бар тим коюу. Жука кийип үшүгөнүң унутуп, Канча күттүң, жолум карап түн бою. КАЙЫРМА: Билбейм неге? Көксөгөнүм, жаным ыр, Балким ырлар менин тапкан багымдыр. Элесимди көз алдыңан кетирбей, А сен азыр ойлоп турган чагыңдыр. Жердин жүзүн чулгап мээрим шаңына, Түгөл жетип, ар бир түндүн таңына. Кыргын, согуш болбойт эле эч качан, Сеникиндей жүрөк берсе баарына.
Hide player controls
Hide resume playing