Бүгүн, 29-октябрда, Бишкекте велосезондун жабылышы болду. Калаанын көчөлөрүндө жүздөгөн адам велосипед тээп өттү. Бул жылы веложарышты уюштуруучулар “Рояль“ (маршруттун каттамы бул музыкалык аспапка окшош болгону үчүн) деп аташты. Велосипедчилер сапарын Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш“ паркынан баштап ВДНХга чыгып, кайра Айтматов проспектисине өтүп Түштүк магистраль менен айланып келишти. Жарыштан кийин велосипедчилерди сыйлоо аземи, шоу-программа, конкурстар болуп, белектер берилди. Веложарыш Бишкектин 145 жылдыгына арналган. Иш-чараны Бишкек мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен “Вело friends позитив kg“ коомдук фонду уюштурду.
Hide player controls
Hide resume playing