Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курчоодо калган Ленинграддан үч миңден ашык бала Кыргыз ССРине эвакуацияланган. Жашы жете электердин көбү Ысык-Көлдүн жээгиндеги балдар үйлөрүнө жайгаштырылган. Кыргызстандыктар 800 кичинекей ленинграддыкты үй-бүлөсүнө кабыл алышкан. Чыныгы баатыр эне 150 баланы баккан 18 жаштагы Токтогон Алтыбасарова болгон. Кошуналары көп балалуу үй-бүлөнү колдоп картошка, нан берип турушкан. Токтогон апа өмүрүнүн акырына чейин өзү тарбиялаган балдардын баары менен баарлашып турган.
Hide player controls
Hide resume playing