Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга байланыштуу элге кайрылуу жасап жатып көзүнө жаш алды. Өлкө башчы каргашалуу окуя учурунда курман болгон аскерлерди эскерип, баатыр уулдарды тарбиялаган ата-энесине таазим кылды. “Баатыр уулдарыбызга бүгүн кыргыз эли башын ийип, аза күтүп жатат. Ошол эле учурда алардын эрдигине сыймыктанып турушат. “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде“ дейт, керек болсо ар бир эр жигит Ата Журт үчүн канын-жанын аябаган деген мына ушул эмеспи. Ушундай азамат уулдарыбыз турганда биздин чекти эч ким буза албайт. Алардын балдары жана артында калган жакындарына кам көрүүнү мамлекет өз мойнуна алат“, — деди Жапаров.
Hide player controls
Hide resume playing