Батирди котловандан баштап сатып алуу — бул өтө чоң тобокелдик. Бул тууралуу кыймылсыз мүлк боюнча эксперт Мира Абдукапарова Sputnik Кыргызстан агенттигине курган видеомаегинде билдирди. Ал бүгүнкү күндө иши аябай жүрүшүп жаткан компаниялар деле бир жылдан кийин банкрот болуп калышы мүмкүн экенин эскертти. “Акчаңды салып алдың, эгерде курулуп бүтүп колдонууга берилсе, акчаңдын үстүнө “топ“ этип акча түшүп калат. Эгерде ал курулушу бүтпөй орто жолдо калып калса, акчаң ошол бойдон жок деле болуп кетиши мүмкүн“, – деди эксперт. Ошондой эле Кыргызстанда риелторлор боюнча жетиштүү мыйзамдар жок болгондуктан аларга ишеним да аз экенин түшүндүрдү. Мындан тышкары, биз борбор шаардагы батирлердин баасы арзандашы мүмкүнбү, шаардын кайсы бөлүктөрүнөн батир караган туура, эмне үчүн жаңы үйлөр менен эски үйлөрдөгү батирлердин наркы бирдей деген сыяктуу бир катар суроолорго жооп алдык.
Hide player controls
Hide resume playing